Динара Ошуракунова: Конституцияда декрет деген сөз жок

18.08.2010 07:58 Администратор
Басып чыгаруу

- Кыргызстандын бүгүнкү учурдагы абалы кандай? Дегеним, биз мыйзам талаасында жашап атабызбы?
- Албетте, юридикалык жагынан мыйзам талаасында жашап жатабыз. Анткени 27-июнда биз атайын референдумга катышып, бүткүл Кыргызстандын эли шайлоодо жаңы Конституцияны колдоп, өздөрүнүн добуштарын беришти. Ушундан кийин ойлойм чындап укук талаасына кирдик деп. Экинчи суроо, ошол укук талаага киргенден кийин биз жүз пайызга алмашып кеттикпи деген маселе. Тилекке каршы, биз алмаша элекпиз. Анткени, көбүндө эле баягы эски кадрлар, мурдагы эски система иштеп атат. Жаңы системага келе элекпиз. Мунун баарын биз алмаштырганга көп убакыт керек. Ошондуктан баарыбыз мыйзамды сыйлап, бийлик биринчилерден болуп мыйзамды сыйлаганын көргөзүшсө, анда биз укук талаасына толугу менен киребиз.
- Баягы эле эски кадр деп калдыңыз. Сиздин оюңузча кадрларды кайдан алыш керек?
- Эски кадрлар иштеп жатат дегеним, бул өкмөткө жердеш, дос же башка жагынан келип орношкондорду айттым. Биздин мамлекетте ачык түрдө адистерди конкурстук негизде жумушка кабыл алуу али күнчө ишке аша элек. Эски кадрлар деген бул жаман кадрлар эмес. Бирок, алар трайбализм, жердеш, дос катары келген кадрлар да.
Алар акча төлөп келгенден кийин башкача иштей албайт. Көбүрөөк ошол жумуштан акча тапсам деген максатта өкмөттүн чөнтөгүнө колун салат. Мен айтып атам эски кадрлардын ордуна конкурстук негизде жаңы кадрлар келиши керек.Канчалаган адамдар эл аралык окуу жайларды бүтүп, бизнес менен алектенип келишкен. Ошолордун көңүлүн буруп, ишке тартуубуз керек.
- Убактылуу Өкмөт парламенттин кызматын аткарып жатканы туурабы?
- Мен айта албайм Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жаман же жакшы деп. Убактылуу өкмөт "биз революцияны жасадык, жаңы укуктук системаны куруп беребиз" деп айтып атышат. Биз Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү канчалык деңгээлде айткандарын аткарышат, ошону көзөмөлдөшүбүз керек. Булар референдумга чейин "революциялык кырдаал" деп айтып атышкан. Эми референдум өттү, биз Конституцияны кабыл алдык, легитимдүү президентти бекиттик. Эми булар иштеши керек.
- Референдумдан кийин жаңы бийлик келди. Аны техникалык өкмөт деп атадык бирок, баягыдай эле декрет кабыл алынууда. Бул туурабы?
- Конституциянын өзүндө же мыйзамдын ичинде декрет деген сөз жок. Булар Роза Отунбаеванын аркасына жашынып алып эле сүйлөбөй, элдин алдында ачык айтышсын, "Конституция бекитилди, биз Роза Исаковнаны колдоп атабыз" деп. Алар жада калса статусубуз мындай деп да айтпай жатышпайбы. Булар жоопкерчилик тартабы же жалгыз Роза Отунбаева бардык жоопкерчиликти мойнуна алабы? Эгер алар жоопкерчилик тартпаса мен макул эмесмин, анда алар бийликтен кетиши керек. Анткени Роза Отунбаева алардын каалоосун аткарып атат. Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жоопкерчилик тартабыз дешсе анда чогуу иштей беришсин. Мен буларды декрет кабыл алып атат деп каршы чыккан жокмун. Эртең башка бир саясый күч келип, силердин декретиңер туура эмес чыкты деп сотко берсе, сот мыйзам чегинде караса анда утулууга мажбур. Ал нерсеге кабылып калбашы үчүн конституцияга ылайык нормаларды кабыл алышы керек.
17-июлда кабыл алган бир декрет бар экен. А жерде Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы деп колун коюптур. Ошондуктан биз аны туура эмес деп сотко бердик.
- Кайсы сотко бердиңер, сот кабыл алдыбы?
- Роза Отунбаева президент катары кол койбой, жанагы бир болбогон Убактылуу өкмөттүн төрайымы деп кол коюп атат. Мейли референдумга чейин биз макул болчубуз. Ал эми референдумдан кийин президент катары кол коюшу керек да. Ушунун негизинде өткөн жумада Бишкек шаарынын район аралык сотуна бердик. Бирок, алар кабыл алыштыбы жокпу билбейм. Негизи кайрылган катыбыз каттоодон өттү. Азыр жообун күтүп атабыз.
- Парламенттик шайлоого өздөрүнүн партиясы менен барам деген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бийликтен кетиши керекпи?
- Парламенттик шайлого катышам деген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошондо эле отставка бериши керек эле. Биз угуп атабыз көбүнчөсү кетти деп. Бирок, Убактылуу өкмөт азыр статусу кандай, эмне иш алып барат, кандай жоопкерчилиги бар - бизге түшүнүксүз. Ким билет, балким кээ бир декреттер алардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынабы? Эми ушундай суроолор көбөйөт. Алар айтышы керек мына биз кеттик, эч кандай административдик ресурс колдонбойбуз деп.
- Парламенттик шайлоо кандай өтөт?
- Парламентик шайлоо биз үчүн дагы бир жолу берилген мүмкүнчүлүк, башкача айтканда экзамен. Андыктан парламенттик шайлоого баарыбыз катышып, эң татыктуусун таңдашыбыз керек. Белгилей кетчү нерсе парламенттик шайлоо аябай курч өтөт. Балким саясатчылар утулуп баратканда дестабилизацияга барышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоону таза, айкын өткөзгөнгө зарылбыз.
А саясий партияларга элди, өлкөнү дагы бир оор абалга алып келбөөнү, тополоңго салбоону, уруш-талашты чыгарбоону эл талап кылыш керек.

Асман пресс, 05.08.10