
-Жамбыл аке, июнь айында Ошто болгон окуяларды өз көзүңүз менен көрүп, аралашып калдыңыз окшойт. Кандуу кагылыштын чыгышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
-Окуя башталганда мен Жалал-Абадда элем. Сузакта, Базар-Коргондо концерт коюп жүргөнбүз. Тополоң башталган түнү биз өзбек маалада болуп калдык. Өзбек балдар келатканда өзбек улутундагы аялдар бизди бекитип калышты. Кыргыз балдар келгенде биз көчөгө чыгып, кайтарып аттык. Он бешинчи июнда барсам Оштун жарымын өрттөп ийишиптир.
Түштүктөгү окуя боюнча ар кандай ойлорго түрткөн эки-үч таң калыштуу факты бар. Мен өткөндө Анвар Артыков менен сүйлөшүп отурдум да. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы, менден эч сырын жашырбайт. Ошол айтат: “8- июль күнү мага Оштон өзбек балдар чалышып, Анвар ака, махаллаларда таяргарчилик болуп атат, уруш чыкса бейкүнөө адамдар өлүп кетиши мүмкүн, ушуларды токтотуп калбайсыңарбы дешти” дейт. Муну угаар замат Анвар ака өкмөткө келсе Отунбаева, Бекназаров, Шерниязов үчөө отурган экен. Жанагы маалыматты айтса “ушундай паникалар аябай көбөйүп атат , УККга барып, кабарлап койчу” дешиптир. УККга барса Дүйшөбаев орун басарларынын бирөөнө дайындаптыр. Алар болсо “бизде андай маалымат жок “ дешет. “Ошо бойдон жүгүрүп жүгүрүп кала бердим “дейт. Бул бир факт.
Абдылда Капаров деген Ош ИИБсинин начальниги болгон. Ал айтат: төрт жерге Ноокат тараптан келген, Кара-Сууга, Өзгөнгө, Өзбекстанга кетчү жолго пост койгон элек. Бирок ал постторду 9-июнь күнү алдырып салышты дейт. Ушул посттон курал-жарактарды, наркотиктерди кармап атабыз десек, болбой эле алдырып салышты дейт. Суроо туулат да, шаардагы абалды ОИИБнин начальнигинен артык ким билет? Капаровдун суранганына карабай ал постторду ким, эмне үчүн алдырды? Түшүнүктүү да, ошол кезде Ички иштер министри Болот Шерниязов болчу.
Дагы бир таң калыштуу көрүнүш. Сузакка 140 спецназчы барат да РИИБни коргоп отура беришет сайдын боюнда. Ошол убакта Топурак- Белде, бир чакырым аралыкта куралчан топ адамдарды атып, машиналарды өрттөп, он алты кыргыз өлгөн, эки адам азырга чейин дайынсыз. Он эки киши жарадар болгон. Өзбек улутундагы ажы киши уулу экөө жарадар болгондорду сактап калган. Машинага салып, Кара-Дарыяга жеткирип турган (бирок ал кишини бийликтегилерден бирөө эстеп, сыйлыкка көрсөткөн жок). 140 спецназчыны эмнеге кармайт ал жерде? Мындан Убактылуу Өкмөттүн тактика, стратегия жөнүндө түшүнүгү жок экендиги көрүнүп турат. 10-июндан бери Ошто , Жалал-Абадда тополоң болуп атса, 13- июнда Базар- Коргондо төрт милиционерди бар, тартип орноткула деп куралсыз көчөгө чыгарып коюшкан. Жок дегенде табелдик тапанчаларын бербейби. Анан жанагы Мыктыбек деген жигитти өлтүрүп коюп атышпайбы. Буга ОИИБнин начальниги түздөн түз күнөөлүү. Сурак берип, жоопко тартылышы керек.
Ошто теледе, театрда иштеген өзбек досторум бар да. Жалал- Абаддан телефон чалып, эмне болуп атат деп сурасам “ачык эле көрүнүп турат, муну Убактылуу Өкмөт өзү уюштурду” деп айтышты. Мен андай болушу мүмкүн эмес десем “өзүңүз эле акыл калчап көрүңүз, ону күнү түнкү саат 11 жарымда Алай мейманканасынын жанына өзбек балдар топтолду. Ошол эле учурда Ленин көчөсүндө кыргыз балдар топтолду. Кыргыз балдар барып өзбек театрын өрттөп атат, өзбек балдар барып, филармонияны өрттөп атат. Анан өзбек балдар “Черемушканы” көздөй кетсе, кыргыз балдарды бирөөлөр баштап келип, Фрунзе көчөсүндөгү “Мухаррам” деген ресторанды өрттөштү. Жаштарды бирөө атайлап уюштуруп жүрдү “ дешет.
Андыктан, июнь окуясында чет элдик атайын кызматтардын салымы чоң деп ойлойм. Снайперлер колго түшкөн да. 12 снайпер колго түштү, 20 көзгө атар кармалды деген маалыматтар телеканалдардын баарынан кетип эле атпады беле. Кийин эле жымсалдап, басты басты кылып коюшту. Эгер Убактылуу Өкмөттөгүлөр эл үчүн күйгөн, патриот кишилер болсо жооп бербейби, кана ошол снайперлер? Аларды өз колу менен кармаган кишилер бар да.
7- июнь күнү АКШнын өкүлдөрү улуттар аралык чыр-чатак чыкса аны кантип чагылдыруу керек деп журналисттерге чогулуш өтүп атат. Себеби, алар бирдеме болоорун билген. ЦРУ менен ФСБ Ошту полигон катары пайдаланышты да. Бул нерсени биз ачык айтышыбыз керек. Ислам Каримов башкадан эл аралык комиссия түзүп, текшериш керек деп бекеринен айтып атат дейсиңби?
Асанкул Жапышев
http://www.tamchy.com/index.php?kg=stat&id=350
02.2011
| Кийинки > |
|---|