Кеменгер жана көлдүктөр

28.02.2011 09:03 Администратор
Басып чыгаруу

Улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде туулуп өскөнү менен, ал бир эле көлдүктөрдүн эмес, жалпы кыргыз элинин сыймыгы. Бирок, ошондой болсо да ал кишинин улуулугун, кыргыз эли үчүн жасаган ат көтөргүс эмгегин ириде ошол көлдүктөр биринчилерден болуп даңазалап чыгыш керек эле. Калк арасында улуу даанышман, акылкөйлөр Мойт аке, Карач аке, Тилекмат аке, Сарт аке, Кадыр аке, Садыр аке, Калыгул ойчул, Арстанбек акылмандар чыккан жерде кантип бычакка сап, намыс үчүн башын тосчу азаматтар жок болсун. Тилекке каршы көлдүктөр андай даңазалуу ишти жасай албай келет. Муну чычалабай моюндарына алуусу эп. Жок дешсе, карап көрөлү: Ысык-Көл үчүн, анын ыйыктыгы үчүн "өлүп" берчү "Ысык-Көл коомдук фонду" болгону баланын чыпалагындай "эмгек" жасаптыр. Ал "Ю.Абдрахманов, 1916. Дневники. Письмо к Сталину" деген 1991-жылы чыккан китепти 2001-жылы "жаңылап" кайра чыгарымыш этишкени. Анысы да орус тилинде. Кеменгердин 100 жылдыгы деле эсибизде. Бишкектин борбордук китепканасында мааракесин эптеп белгилемиш эткен, биздин төбөлдөр. 
Өткөн жылы кыргыздын дагы бир белгилүү уулу И.Раззаковдун 100 жылдыгы белгиленди. Ошондо мааракени Э.Каптагаев сыяктуу бийлик өкүлдөрү, өзгөчө түштүктүн азаматтары кандай гана аракетте өткөрдү. Жогорку окуу жайлардан Жогорку Кеңешке чейин а кишинин эмгеги боюнча чоң-чоң маселелер көтөрүлдү. Борбордогу райондордун бирине, стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош жолуна И.Раззакковдун ысымын калтыруу маселесин алып чыгышты. Аталган маселелер азыр да күн тартибинде турат. Ал жыл И.Раззакков жылы деп да аталды. Түндүк-түштүккө эстелиги коюлду. Ысык-Көлдүн чок ортосуна айкели орноду. Эстелик демекчи, улуу инсандын кичи мекени болгон Баткен облусунун борборунда тургузулган айкелине, ал жакка расмий сапар менен барган кайсы гана мамлекеттик жетекчи же мейли оппозиция лидери болбосун сөзсүз кайрылып гүл коет. Бул чын жүрөктөнбү, же ким билет, мени өкүнткөнү башка - эмне үчүн И.Раззаковдон да оор, не деген азап кезеңде иштеген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түптөгөн улут кеменгери Жусуп Абдрахмановду анчалык даңктай албайбыз? Быйылкы жылды болсо билермандар Курманжан Датканын жылы атады. Албетте, буга эч ким каршы эмес. Курманжан Датканын кыргыз тарыхында өчүрүлгүс орду бар. Аны эч ким тана албайт. Бирок, эгемендигибизге 20 жыл толо турган быйылкы жылы, акыркы жылдары өлкөбүздө болуп жаткан оор учурда, акылы бары-жогу деле бийликке жулунуп жаткан кезде, "сен куйрук, мен куйрук" болуп бөлүнүп жаткан абалда, эгемендиктин негизги түптөөчүсү болгон "Ж.Абдрахманов жылы" деп атасак туура болбойт беле? Анан анын кайталангыс эмгегин, Кыргызстанын өз жанынан да артык көргөнүн, элин ачарчылыктан сактап, ал үчүн каардуу Сталиндин буйругунан баш тартып, атууга кеткен патриоттуулугун мамлекети үчүн өмүрүн аябаган мындай баатыр жетекчилер миңдеген жылдарда бир жарала турганын келечек муундарга аңыз кылып айтып, мектептерде, жогорку окуу жайларда сабак кылып өтсөк болбойт беле? Балким мамлекеттин, эгемендиктин баркын ошондо сезээр белек… Ким билет, ошондо Ж.Абдрахманов башында турган улуттук баатырлар болбогондо тээ 1920-жылдары эле түндүгүбүз Казакстандын, түштүгүбүз Өзбекстандын курамында калып, алардын бир автономиясы аталып, өмүр бою өз мамлекетибиз жок жүрүп өтмөк белек. Жүрбөйбү азыр Кытайдын ичинде он миллиондогон уйгурлар, Түркиянын ары жагында андан көп курддар. А эгерде, 1933-жылы Ж.Абдрахманов өз кара башын ойлоп Сталиндин буйругуна каршы чыкпаганда, кампадагы эгиндерди мамлекетке өткөрүп бергенде ал кезде эки миллионго жакын кырылган казактардай, ачарчылыктан жүз миңдеген кыргыз эли кырылып жок болмок… 
Бүгүнкү кыргыз мамлекетинин башындагы портфель бөлүштүрө албай, бири-бири менен "чабышып" жаткан журт башындагылар ириде ушуну эстеши керек эле. Алар Ж.Абдрахмановдой улуттук кеменгердин лидерлик касиетине таасирленишсе, ага карай түздөнүшсө эл бүгүнкүдөй кыйналмак эмес!
Макаламдын башында көлдүктөр дегеним, өйдөкүлөр атасынан калган менчиктен бетер, өлкөнүн жалтыраган эле жерлерин баса калып "тытышып" жатышса, кур дегенде көлдүктөр ойгонуш керек эле. Кайда жанагы "АТА" (Абдрахманов, Тыныстанов, Ахунбаев) деген көлдүктөрдүн коому? Кайда жанагы "Ысык-Көл" фонду? Кайда жети акенин урпактары? Кайда, деги жалпы көлдүктөр? Көл десе бир кезде "Кумтөр" аферасына кол койгондордун бири, анда-санда гезиттерден акылдуу болуп чыга келген, ошол касиеттүү Ысык-Көлдүн убайын ушунчалык көргөн Жумагул Сааданбеков кайда? Сулайман Иманбаев, Ишенбай Абдуразаков, Мамбет Мамакеев сыяктуу көлдүн бүгүнкү аксакалдары неге унчукпайт? Же алар төрдө олтуруп уча жегенге эле жарап калышканбы?.. 
...Быйыл улут кеменгери, ХХ кылымдагы улуттук лидери Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгы…

Кенжебек Арыкбаев

http://presskg.com/aig/11/0224_2.htm

24.02.2011