
Кыргыздардын жашоо турмушунда эркектердин баш кийими калпактын ээлеген орду өтө маанилүү. Ал негизги жана кеңири тараган эң көрүнүктүү
салттуу баш кийими катарында байыртадан тартып ушул күнгө чейин кийилип келет. Көргөзмөдө сакталып калган калпактын көптөгөн түрлөрү коюлат жана кыргыздардын салттуу баш кийими калпак боюнча китепченин бет ачаары болот.
Кыргыз Эл коомдук бирикмеси «Муундан муунга» долбоорун ишке ашырууга Кристенсен Фондунан грант утуп алган, долбоор кыргыз калпагынын жасалыш ыкмаларын жандандыруу, сактоо жана жайылтууга көздөлгөн. Долбоордун иш тобу бир жылдык мөөнөтө Кыргызстандын алыскы райондорунда кыргыз калпагын кыскача изилдеп, тарых жана этнография адистери менен талкууларды жүргүзүп, көптөгөн жеке жолугушууларды өткөрдү. Чогултулган жана бизге чейинки маалыматтарга таянып, калпактын жаңы концепциясын иштеп чыкты.
Концепцияда жаш өзгөчөлүгү мүчөл жаш менен белгиленип, ар бир мүчөлгө өз жашына ылайык түстөр жана оюулар иштелип чыккан. Калпактардын формалары мурда кийилген калпактардан алынган, анын ичинде унутта калган алгачкы түрү болгон туюк калпак да көрсөтүлөт. Сунушталган концепция долбоордун негизги жыйынтыгы болуп эсептелинет жана долбоордун иш тобунун көз карашын билдирет.
Көргөзмөнун ачылышында тарбиялык, идеологиялык иш-аракет өткөрүү көздөлүп жатат. Республикабыздын белгилүү инсандары байыркы кыргыздардын жыл сүрөөсүнө жараша мүчөл жашын белгилеп жаткан он балага калпак кийгизет. Бул иш-чара борборубуздун башкы аянтында Айкөл Манас атабыздын айкелинин алдында өткөрүлөт.
Долбоордун дагы бир жыйынтыгы болуп китепченин чыгышы эсептелинет. «Кыргыз калпагы» Муундан муунга китепчесинде калпактын тарыхы, жасалышы, кийүү тартиби камтылган. Китепчеге Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин, Кыргыз Республикасынын «фотофонодокументтер» мамлекеттик борбордук архивинин, Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» фондусунан жана элден чогултулган калпактардын фото сүрөттөрү киргизилди. Китепченин текстин түзүүдө этнограф Н.С. Момунбаева илимий эмгектерге таянып жана этнографиялык талаа материалдарынын негизинде жалпы маалымат берди.
«Муундан муунга» долбоорунун негизги максаты: азыркы күндө кыргыздардын салттуу баш кийими болгон калпактын зоболосун көтөрүү, эл арасында жеткиликтүү маалыматтарды жайылтуу. Эзелтеден элибиз аяр мамиле жасап келген калпактын, дуушар болгон көйгөйлөрү менен күрөшүү. Жасалган иш чаралар аз да болсо кыргыздардын заттык маданиятындагы элдик мурасыбызды сактап калууда өз салымын кошмокчу.
Сиздерди «Кыргыз калпагы» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине чакырабыз. Көргөзмө 14 октябрда Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде саат 15-00дө ачылат.
Баардык суроолорунар боюнча долбоордун жетекчиси: Айдай Асангулова же координатору Элзат Ормонбекова кайрылсаңыздар болот.

| Кийинки > |
|---|