
"Кайда деп канча күн даректеп,
Күтөбүз бир күнү келет деп…"
НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА ОШ
Көпчүлүктү карайлатып, күтүүсүздөн кайгы отуна салган июнь коогалаңынын оту сыртынан баам салган адамга өчүп бараткандай сезилет. Талкаланган турак-үйлөр калыбына келип, жапа чеккендер аздыр-көптүр материалдык жана моралдык колдоого ээ болуп дегендей. Бирок, орду толгус жоготууну баштан кечирип, болгондо да жакын адамынын өлүү же тирүү экенин биле албай алты айдан бери жергиликтүү бийликтин имаратынын айланасында бейдарек жоголгон атуулдардын жакындары жүрүшөт. Бул жерден уулун издеген ата-апаларды, бир тууганын издеген, атасын издеген балдарды, өмүрлүк жолдошун издеген айымдарды кезиктиресиң. Айтор, издеген адамы ким болбосун, баарынын кайгысы бир. Алар жоголгон жакындарынын санаасы бир тең болсо, жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн кайдыгер мамилеси бир тең болду деп эсептешет. Окуядан соң дайыны белгисиз атуулдардын жакындарынын башын кошкон "Ош шейиттери" коомдук бирикмеси түзүлгөн. Аталган коомдук бирикменин төрайымы Тургунайым Айтиеванын айтымында, коогалаңда жалпысынан 57 адам бейдарек болгон болсо, алардын ичинен 19у түрдүү себептер менен тирүү табылган. Бүгүнкү күндө дареги чыкпагандардын саны 32 болсо, булардын ичинен 23 бейдарек атуулдун жакындары колуна жоголгондордун сүрөтүн кармап алып, атайын түзүлгөн штабда олтурушат. "Көпчүлүгү келүүгө шарты жок болгондуктан, телефон аркылуу билип турабыз. Андан сырткары учетко алынбай, өкмөттүн эсебинде жок, соттук-медициналык экспертизанын кагазы жок көөмп алып, эми кайра эксгумацияга макул болбогондор да бар. Дареги чыкпагандардын эң жашы 7де болсо, улуусу 47 жашта", - дейт коомдук бирикменин төрайымы.
"Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болуп, күнүнө келип, чогуу ыйлап, чогуу азап чегип кеткен 23 дайынсыз атуулдун жакындары өздөрүн бир туугандай сезип калганын айтышат. "Биздин арабыздан бирөөсү ыйласа, же бирөө катуу сөз айтса, жыйырма үч адамдын жүрөгү зыркырайт",-дешет алар.
Төмөндө мына ошол бейдарек атуулдардын жакындарынын күтүү менен үмүттүн жолун карап олтурган кездеги ойлорун, талаптарын назарыңызга сунуш кылабыз.
Айтиева Тургунайым, "Ош шейиттери"
коомдук бирикмесинин төрайымы:
"Убактылуу өкмөт убактылуу кам көрүп,
убактылуу мамиле жасады"
- Мына калабалуу окуядан бери алты ай өттү. Алты айдан бери алты кадам алдыга жылган жок. Августка чейин чөнтөгү куру эмес, жүрөгүндө кайрымдуулук сезими бар адамдар аздыр-көптүр жардам берип турушту. Булар болсо ошол көрсөтүлгөн жардамдын, айтылган жылуу сөздүн деми, өзүнүн күйүтү менен жалгыз калгандарын сезбей жүрүшкөн экен. Азыр эми чиновниктер кыйратып койгонсуп, ар кимиси өзүнүн проблемалары, папка талашуу менен алек болуп жүрүшөт. Убактылуу мамиле, убактылуу алдоо, убактылуу тергөө, убактылуу сот…баары убактылуу мамиле болду. Ушул дайынсыздардын жетимдери чоңоюп министр, күч структурасынын кызматкери, прокурор болор. Баарын мезгил көрсөтөт. Бир гана Оштун мэри биздин бир дагы өтүнүчүбүздү жоопсуз калтырган жок. Карапайым эл өзүнүн күйүтү менен өзү калды. Алты айдан бери тааныганы деле, тааныбаганы деле бир туугандай болуп калышты. Бири ыйласа, экинчиси кошо ыйлап, айтор, булардын кайгысы да, кечирген күндөрү да окшош. Адамдын ким экени мына ошол жаманчылыкта билинет. Булардын мындан аркы тагдыры, артында калган балдары, жашоо-турмушу эмне болот деп ойлогон бирөө жок. Итке сөөк ыргыткандай мамиле жасап, алдап келишти. Мен мындан башкага теңей албайм. Өлгөндөрдүн куну тооктун куну болду. "Ош шейиттери" коомунун атынан президентке жок дегенде он жолу кат жөнөттүк. Катта булардын ал-абалы, балдарынын жашоосу, буларга берилүүчү компенсация, пособие, көрсөтүлүүчү коммуналдык, медициналык жардам, үйлөрүндөгү ооруп жаткан ата-энелеринин реабилитациядан өтүшү жана башка маселелер камтылган. Ошондой эле Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн өлгөнү тууралуу атайын токтомдун чыгарылышы, аларга Баатыр наамын берүү боюнча да кат жолдонгон. Булар Ошту Бакиевдерден эмес, Өзбекстандан алып калды. Кыргыздарды кырып салабыз деген жерде алыс-жууктан келип, жан берип, анан калса дайынсыз жоголуп олтурат. Булар Ошко тополоңдо нан талашып келген эмес. Же болбосо өзбектердин дүнүйөлөрүн тартып алалы деп келген эмес. А өзбектер болсо акчаларын которо турган жерге которуп, дүнүйөлөрүн жыйнап, анан согуш ачкан.
Биз жалгыз гана медициналык кызмат көрсөтүүгө ыраазыбыз. Саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Сабиржан Абдыкаримов кайсы убакыта болбосун маселелер боюнча кайрылба жок дебеди. Медицина кызматкерлериндей бизди эч ким уккан эмес. Кайсы убакта барбасын ооруканада орун жок болсо да бошотуп, убагында дарылануусуна шарт түзүп беришти.
Акыркы үмүтүбүз Жогорку Кеңештин азыркы шайланган депутаттарында калды. Июнь окуясы боюнча комиссия түзүлдү деп уктук. Ушул комиссия мүчөлөрү келип, биздин ыйыбызды угат деген ишеничтебиз.
Данияров Абдилашим, Чоң-Алай районунун
тургуну: "Уулум тирүү табылат деген үмүттөмүн"
- Менин уулум Данияров Кайнарали 24 жашта болчу. Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окучу. Окуя болор күнү шаардын Гагарин көчөсүндө өзбектин үйүндө батирде турган досторуна барып калат. Үй ээси болсо силерди узатып коем деп сыртка алып чыгып, өзбектердин тобуна салып берген. Балам менен чогуу болгон достору бети-башы тытылып, аябагандай кордук көрүшкөн. Уулум болсо ошол күндөн бери дайынсыз. Үйдүн ээсин милиция кызматкерлери күнөөсү жок деп кое беришти. Бала жоголгон күндөн тарта апасы ооруп ооруканадан ооруканага жатып атат. Шаарда батирде турам. Айылга барып-келүүгө оңбогондой чыгым сарпталат. Анын үстүнө бутум бирде шаарда, бирде айылда, бирде ооруканада болуп, түшүмүбүз да убагында жыйналбай калды. ДНК анализин эчак тапшырганбыз. Бирок менин балам тирүү табылат деген үмүтүм бар. Алты айдан бери сүйлөөргө сөзүбүз да калбады. Алты ай сабыр кылып баарын сыйладык. Шайлоо өтсүн дедик. Эми биз эч нерседен кайтпай турган болуп калдык. Өкмөт тараптан да бир да жолу жардам болгон жок. Жыйырма үчүбүздүн кайгыбыз бир болуп, чогуу ыйлап, бири-бирибизге таяныч болуп калдык.
Арстанов Абдималик, Кара-Суу районунун
тургуну: "Айтарга сөзүбүз деле калбай калды"
- Менин бир тууган кайним Оштогу пахта заводдо кароолчу болуп иштечү. 10-июнь күнү жумушуна келген боюнча 13-июнга чейин дареги чыкпады. Тополоң басылар түрү жок, кыймыл токтоп калды. Үйүбүздүн жанында оорукана бар болчу. Жарадар болуп жабыркагандар байма-бай түшүп жатты. 13-июнь күнү уулум тагасын издеп чыккан боюнча кайрылып келбеди. Биз дагы балам баратканда этият бол деп кулагына куюп жатканбыз. 16-июнь күнү тагасынын сөөгүн Маданият айылындагы каналдан таптык. Бөйрөктөрү тешилип, баштары жарылып тааныбагыдай абалга келип калган. Уулум 30 жашта, бир уулу, бир кызы бар эле. Өзү мугалим болчу. Бул жакта маяна аз деп Москвага барып, келгенине 15 күндөй болду эле. Мына ошондон бери уулумдун өлүү же тирүү экени белгисиз. Кудайдын куттуу күнү ушул жерге келип, кезерип кечке олтуруп кайра кетебиз. Тополоң учурунда өзбектердин эл башкарган жетекчилери да аскер кийимин кийип алып, адамдарды машинага жүктөп аткан деп айтышты. Биздин балдардын колу-бутун чаап, куйкалап, таптакыр таанылгыс абалга келтирип, анан "кыргыздар бизди ушинтип жатат" деп дүйнөгө таратпадыбы.
Кемпиримдин да иниси өлдү, уулубуз минтип дайыны жок. Кайгыга чыдабай ооруканага жатып калды. Үйгө барсам уул-кыздарым, неберелерим, көчөдө баратсам айылдаштарым дайыны барбы деп сурашат. Жооп берүүгө да кудуретим жетпей калды. Үйдө олтурсам да, бул жерге келбесем да болбойт. Укук коргоо органдарына, сотко, прокуратурага барабыз. Айланып кайра келебиз. Айлабыз кеткенде каналдагы сууну токтотуп алып издедик. ДНК үлгүсүн бир эмес эки ирет алып кетти, анын деле ачыгын айтпай будамайлап жатышат. Айтарга сөзүбүз деле калбай калды.
Абдыкааров Маматсабыр, Араван районунун
тургуну: "Биз жакындарыбыздын өлгөнүнө да,
ДНКга да ишенбейбиз"
- Менин бир тууган иним Абдыкааров Маматжакып Ошто арматура чыгаруучу цехте иштечү. Цехти иштетүүчүлөр кытайлар болгондуктан окуяда качып кетишкен. Жумушчулар болсо цехтин жатаканасында үч күн бою сыртка чыкпай камалып олтурган. Жегенге тамак-ашы жок болгондуктан 14-июнь күнү эрте менен сыртка чыккан. Кайсы себептер менен кантип жоголуп кетти, белгисиз. Иним менен бирге иштеген биздин айылдагы бир бала качып барды. Ошол баланын айткан болжолу менен гана издеп жатабыз. Телефон аркылуу да байланышкан жок. Үч-төрт жолу телевидениелер аркылуу издөө салып, көп жерлерге кайрылдым. Укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте издебеген жерибиз калбады.
Июнь айынын соңунда дайынсыздардын төрт жакын адамынан анализ алышты. Үч айда жыйынтыгы чыгат деп президентибиз Р.Отунбаева баш болуп убада беришкен. Үч айдан соң туура эмес алыныптыр деп бизди алдашты, Анан Россиядан эки өкүл келип, өлүктөрдү кайра ачып анализ алабыз, кеминде эки айда жыйынтыгы чыгат, 13-декабрь күнү алып келебиз дешкен. Бул күн дагы өттү. Канча күн күндүн ысыгында, эми болсо кыштын суугунда же ары, же бери эмес арасат жүрөбүз. Кайгы отуна чыдабай, өзүбүздү өзүбүз жоготтук, сырткы сөлөкөтүбүз эле калды. Үч ай бир күттүк, эки ай дагы күттүк, алты ай болду. Биз мындан аркы алдоого, көңүл жубатууга чыдабайбыз. Бейдарек жакындарыбызды тирүү таап беришсин. Мындан башка эч нерсени күтпөйбүз. Биздин дагы кыргыздык ариетибиз, эл-журттун алдындагы намысыбыз бар. Баарыбыз эле акыры ДНК жыйынтыгы чыкса, эл-журттун алдында мусулмандык жөрөлгө менен сөөктөрдү коюп алсак деген максатта жүрдүк эле. Биздин ишенимибизге суу себилди. Ар биринин үйүндө ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери, балдары качан келет деп ыйлап олтурушат. Үйгө барсам 80 жаштагы апам таап келбейсиңби деп ыйлап олтурат. Инимдин чиедей төрт баласы айылда мандикер болуп бирөөлөрдүн пахтасын терип тиричиликтерин өткөрүп жатышат. Бул жерге келип ДНК анализин күтөм, өзүмдү алаксытып кетем. Үйгө барууга да жүрөгүм даабай калды. Күн сайын Аравандан Ошко бир далай акча коротуп келип-кетем. Эл арасында жер төлөдө жашап жатышат экен, Өзбекстанга алып кеткен, террористтик уюмдарга кошуп алышкан деген кептер айтылып жатат. Эгерде ушул түкшүмөлдөр чын боло турган болсо, өз балдарыбыз кайра өзүбүзгө душман болуп калбайбы. Алты ай бою баарына чыдап келдик. Эч бир саясий партия же башка бирөөгө курал болбодук, аларды ээрчибедик, мыйзамсыз иш аракеттерге барбадык. Эми мындан аркысына чыдай албайбыз. Бир гана талабыбыз калды - жакындарыбызды тирүү таап беришсин. Биз жакындарыбыздын өлгөнүнө да, ДНКга да ишенбейбиз.
Мамытова Гүлкайыр, Базар-Коргон районунун
тургуну: "Жолдошумдун тирүүсү тургай,
сөөгүнө да зар болдук"
- Өзбектердин үйүндө батирде турчубуз. Жолдошум Абдуллаев Кеңеш ун базарда иштечү. 43 жашта эле. Кокус эле тополоң башталып, үйүбүздүн айланасын ызы-чуу, атышуулар каптап келди. Уруш башталган түнү үйдүн чатырында таң атырдык. Эртеси күнү үйдөн чыгып кетүүгө мажбур болуп, кечки саат сегиздерде качып баратсак, өзбек балдар кармап алышты. Алгач эле бирөөсү келип менин жаагыма бир салды. "Кыргыздарга өлүм, буларга убал жок" деп кыйкырышты. Жолдошум эки балабызды алып менден алдыда бараткан. Он беш чакты бала жолдошумду тороп алышты. Аңгыча бир киши суунун аркы жээгинен өтүп келип, "кичинекей балдары бар экен, чыркыратпагыла" деп мени алып калды. Көрсө, бизге жардам берген киши ажы экен. Менин жаагыма салганда эс-учумду жоготуп жыгылып түшкөн экем, өзүмө келсем күйөөм суунун аркы жагында жөрмөлөп баратыптыр. Көз ачып жумганча эле карааны көрүнбөй кетти. Мени куткарган ажы киши мындан ары барсаңар дагы өзбектерге туш келесиңер деп үйүнө алып кирди. Ал кишинин үйүндө эки күн турдук. Уулум он эки, кызым тогуз жашта. Атакелеп чыркырап ыйлап жатышты. Чыгып кеткенге таптакыр мүмкүнчүлүк болбоду. Ошол мезгилде кыргыздар бир өзбек баланы кармап алган экен. Ошол балага бизди алмаштырышты. Эми ойлосом жолдошум мени кармап алгандан кийин мен качсам кууйт да, аялым, бала-чакам аман калат деген ойдо качса керек. Ушул окуядан кийин катуу ооруп калдым. Ооруканага жатып, дарыланып да чыктым. Балдарым мектеп-интернатта окушат. Өзүм шаарда жатаканада турам. Бизге берилген гумжардамдын жарымын жеп, жарымын сатып оокат өткөрүп жатам. Биз батирде турган үйдө бардык буюм-тайымдарыбыз калып кетти. Качканда үстүбүздө гана бир кабат кийимибиз бар эле. Укук коргоо кызматкерлерине айта берип тилим тешилди. Ана барабыз, мына барабыз деп жүрүшөт.
Эмнегедир акыркы күндөрү жолдошум "кокус, мен өлүп калсам, Базар-Коргонго алып барып кой" деп айтып калчу. Мен ошол керээзин да аткара албадым. Тирүүсү эмес, сөөгүнө да зар болуп олтурабыз.
"Ош шейиттери" коомдук бирикмеси менен облус губернатору жолукту
Материал басууга даярдалып жатканда 23-декабрда Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков "Ош шейиттери" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолуккандыгын, "Баракелде" жаңылыктар кызматы кабарлады. Анда губернатор коогалаңында дайынсыз жоголгондор боюнча бүгүнкү күнү да тартип коргоо органдары менен биргеликте иштешип жатышкандыктарын, Москвадан 12 адамдын ДНК-анализи чыгып келгендигин айткан.
"Мындан сырткары "Ош шейиттери" коомдук бирикмесинин 24 өкүлүнө 2000 сомдон акчалай жана ар бирине 800 сомдук белектерди тапшырды",-деп жазды "Баракелде".
http://presskg.com/zn/10/1224_7.htm
| < Мурунку | Кийинки > |
|---|