
Адам адамдан жасаган иши, кылган кызматы, бири-бирине кылган мамилеси менен айырмаланат
Табият тынымсыз өзгөрүп, илимий тилде айтканда, эволюция жолу менен эң жөнөкөйдөн өтө татаалга, эң төмөндөн өтө жогору деңгээлге өсүп, диалектиканын майзамдары менен өнүгөт. Чексиз Аалам, ал ааламдагы Жер планетасы жана жерде жашаган жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр, адамдар да ушул эволюция процессинде жуурулуп, кааласак да, каалабасак да ушул диалектиканын мыйзамдары менен жашап келебиз.
Жаныбарлар менен өсүмдүктөр табият өзгөргөндө кошо өзгөрүп, шартка жараша жаңы түргө, формага өтүп турушат, же таптакыр жок болуп кетишет. А адамдар болсо ал өзгөрүүлөргө жараша тажрыйба топтошуп, акылын өстүрүп, жөндөм-сапаттарын өркүндөтүп, жашоонун талаптарына татыктуу жооп берип, сакталып, өсүп-өнүп жашап жатышат.
Бирок адамдарды жекече алып карасак, алардын жашоо деңгээлдери ар кандай, себеби акылы, жөндөмү, сапаты ар башка деңгээлде болот. Адам адамдан жасаган иши, кылган кызматы, бири-бирине кылган мамилеси менен айырмаланышат. Жөндөмдү жана сапатты туура иштеткен адам - акылдуу адам. Акыл билимди жаратат. Билим топтогон адам Даанышман болот. Даанышман адам ар бир ишти билгичтик менен жасайт, себеби, ал бай тажрыйбага, терең билимге таянат, жаман-жакшыны, ак-караны, туура-туура эмести ажырата билет, замандын өзгөрүшүнө жараша тынымсыз өсүп-өнүгүп отурат. Себеби, ар замандын талабы ар башка, адам замандын талабын баамдап түшүнүп, ошого жараша өзгөрүп турбаса, чириген дарактай керексиз болуп бул дүйнөдө ордун табалбай кыйналат, көйгөйгө түшөт, өзү да жок болуп жоюлуп кете берет.
Замандын талабына жооп берүү - бул ошол доор, ошол заманга жашап кетүүгө керек болгон илим-билимдерди өздөштүрүп, жөндөм-сапаттарды өзүнө жаратып туруу. Биздин, кыргыздардын бүгүнкү абалы кандай? Замандын чакырык-талаптарына туура жооп берип атабызбы? Келечегибиз кандай болот? Мына ушул көкүрөк өйүткөн суроолорго кандай жооп беребиз? Биз аз элбиз, алсыз элбиз, экономикабыз начар. Нефть-газыбыз жок. Ким жардам берип, ким бизди сактап калат?
Ушул суроолорго жооп табалбай кыйналып келүүдөбүз. Себеби, биз өзүбүздүн ким экенибизди унутуп, маңкурт болуп отурабыз. Бүркүттү тоокканага камап койсоң, бүркүт тоок болбойт, ал өлүп калат. Илбирсти торго салып койсоң, мышык болбойт, ал да көп жашабайт. "Кыргыз сарт болсо - жаман сарт болот, сарт кыргыз болсо - жаман кыргыз болот" деген накыл сөз бар. Азыркы күндө кыргыз кыргыз болгусу келбей, сарт, араб, кытай, түрк, еврей болгусу келип калды. Себеби, базар экономикасы деген балээге кабылып, айласын таппай турат. Кыздары түрккө же кытайга тийсе кубанып, сыймыктанып жатышат.
Мамлекетибиз "общий дом" болуп, өзүбүздүн жерибиз, өзүбүздүн мамлекетибиз болуп туруп дунганга, уйгурга, корейге, кытайга малай болуп жүрөбүз. БУУнун билдирүүсүндө кыргыз эли жок болуп бараткан элдердин катарына кирди. Үч миллиондон ашык эл болуп туруп өзбектерден, дунгандардан, уйгурлардан, корейлерден, жадагалса күрддөрдөн коркобуз. Мунун себеби эмнеде? Себеби - биз байыркы Манастын урпагы экенибизди унуттук, Теңирдин сүйгөн балдары экенибизди унуттук. Ошондуктан, бир эл, бир журт болбой бири-бирибизге душман болдук. "Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" деген бабаларыбыздын сөзүн унуттук. Жерибизди, суубузду, кен-байлыктарыбызды, кыздарыбызды сатып, оокат кылып жатабыз.
"Жети атасын билбеген - жетеси жок кул" деген. Биз кулдарды өзүбүздөн өйдө көрүп, тоокканага түшкөн бүркүттөй өлүп бараткан эл болдук. Канткенде биз оңолобуз? Канткенде бир журт болобуз? Үч миллион адамдан турган бир командага кантип биригебиз? Кандай акылга, кандай илимге таянабыз?
Бир элдин ичиндеги укумдан-тукумга берилип келген даанышмандыктар - ал элдин маданиятын жаратат. Ал маданият ошол улуттун кудай таануу түшүнүгүнөн келип чыгат да, улуттун жан дүйнөсүн, башкача айтканда, улуттун духун жаратат. Ар бир элдин улуттук духу ошол элдин эл катары деңгээли канчалык экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан бизге керек окуу-илимди исламдан же башка элдерден издебей, өзүбүздөн табышыбыз керек, башка жол жок, болсо да ал жол биздики эмес.
Кыргыздын улуттук Духу Теңирчилик дүйнө таануу философиясынан жаралган. Кыргыздар Кудайды Көкө Теңир, чечмелеп айтканда, "бизди жараткан көктөгү кудай атабыз" деп таанышат.
Көк - бул Асман
Көкө - Ата
Теңир - жаратуучу кудай
Демек, Теңир - кудай, ал биздин атабыз. Аалам-жердин жалгыз жараткан ээси Теңир, ал чексиз кудуреттүү, чексиз мээримдүү, бизди чексиз сүйөт жана ар дайым биз үчүн кам көрөт.
Кыргыздар Көкө Теңирге - көктөгү кудай атасына сыйынып, максат-тилектерин айтып, кеңешип, колдо, корго, жардам бер деп суранышат. Бул эң эле табигый көрүнүш, ата менен баланын ортосундагы мамиле. Кыргыздардын бүт жашоо принциптери, коомдук түзүлүш, карым-катнаш мамилелери ушул ата-бала мамилесине негизделген.
Ата балдарына мээримин төгөт, камкордук көрөт, коргойт, колдойт, тарбия-таалим берет.
Бала атаны сүйөт, урмат-сый көрсөтөт, акыл-кеңешин угат, жолун улантат. Бала атанын атын өчүрбөй, үйбүлөнүн, уруктун келечегин камсыз кылып ордун басат.
Кыргызда үйдүн ээси эркек болуп, бүт байлык, мал-мүлк ага таандык болчу. Ал бул байлыктарды өзүнүн эмгеги менен таап, баласына мураска калтырчу.
Ата - баш, анын балдары, туугандары - урук болот. Жети ата өткөн соң урууга айланат. Кандаш жакын уруулар биригип улутту түзөт. Улут өсүп, элге айланат.
Көкө Теңирдин өзүнөн башталып, Кыргызды кыргыз кылып, миңдеген жылдар бою сактап келген каад-салт, нарк, адат, ырым-жырым, жол-жосун принциптери Теңир алдында Теңирдей калыс, идеалдуу ыраат-тартип менен ынтымакта жашоону камсыз кылган. Мында Теңир менен адамдын ортосундагы мамиле эң эле фундаменталдуу ролду ойнойт. Себеби, биздин ата-бабаларыбыз өздөрүнүн жашоо эрежесин Теңирдин эркине тетири келбегендей кылып жаратышкан. Кыргыз коомунда ар кимдин өзүнүн жолу, орду, укугу жана милдети так аныкталган, алар Салт, Нарк, Каада, Адат жол-жосундары менен ишке ашат. Салт, Адат - биздин моралдык мыйзамдарыбыз. Каада, Нарк принциптери этикалык нормаларды камтыйт.
Кыргыздын адам таануу түшүнүктөрү да ушул моралдык-этикалык принциптерге таянып, жаман-жакшы, адал-арам, ак-кара, туура, туура эмес деген түшүнүктөрдүн чен-өлчөмдөрүнүн (критерийлер) нормалары аныкталат. Мындан намыс, уят, күйүмдүүлүк категориялары келип чыгат, алар ынтымакты, биримдүүлүктү камсыз кылып, улуттун келечекте жана учурдагы бактылуу жашоосун шарттайт.
Ата-бала мамилеси сүйүү, сыйлашуу, камкордук аркылуу ишке ашат.
Аял-эркек мамилеси - сүйүү, сыйлашуу, камкордук аркылуу ишке ашат да, ишеним менен көзөмөлдөнөт. Ишеним кетсе, үйбүлө бузулат.
Дос-тамыр мамилеси - урмат-сый, кадырлашуу, күйүмдүүлүк менен ишке ашып, ишеним менен көзөмөлдөнөт.
Ага-ини мамилеси - урмат-сый, камкордук, тарбия аркылуу ишке ашып, күйүмдүүлүк менен бекемделет. Ошондуктан кыргыздар "дос - айрылат, сөөк кайрылат" деп тууганчылыкты жогору коюшат.
Эне-бала мамилеси - урмат-сый, күйүмдүүлүк, ардактоо менен ишке ашат.
Кыз-төркүн мамилеси - күйүмдүүлүк, урмат-сый, кастарлоо, ардактоо менен ишке ашат.
Куда-жек-жаат мамилеси - көңүл-сезимге жараша урмат-сый, кадырлашуу менен ишке ашат.
Хан-кара мамилесинде - хан калыс, адилет, камкор; кара - урмат-сый, жоопкерчиликтүүлүк жогору турат.
Кандаш туугандар мамилесинде күйүмдүүлүк биринчи орунда болуп, намыс менен бекемделет. "Тууган сөөгүн кордобойт, тулпар сөөгүн оордобойт", "Жакыныңды жандай тут, жат жанынан түңүлсүн" деп бөтөнгө колтук ачпоого тарбиялайт.
Бөтөн эл менен мамиле түзгөндө сабырдуулук, кыраакылык, сыйлашуу принциби колдонулган. Душман арттырбай, бирок ошону менен бирге эле өз намысын, кадыр-баркын басынтканга жол бербей намыстуу болушкан. Буга мисал кылып "Манастагы":
Калмакка намыс бергенче
Төшү түктүү Жер урсун!
Төбөсү бийик Көк урсун!
Көкөтеңир өзү урсун! - деген сөздөрдү келтирүүгө болот.
Акыркы 1100 жылда мамлекети болбосо да, биримдигин жоготпой эл болуп, бейиштей жерин эч кимге тарттырбай жашап келишти ата-бабаларыбыз. Ага себепчи - биздин теңирчилик дүйнө тааным философиябыз. Бүгүнкү күндө кыргыздардын жан дүйнөсү бузулуп, жабыркап турган кези. Себеби, биз Теңирдин сүйгөн балдары экенибизди унутуп, Кудайдын кулдарына баш ийип, аларды өзүбүздөн жогору коюп жатабыз. Семит диндериндеги мусулман, христиан, иуда элдери өздөрүн Кудайдын кулубуз деп таанышат. Чынында да ошондой. Биз Көктөгү Теңир атабыздын, Көкө Теңирдин балдары эмне үчүн өзүбүздүн кулдарыбыздан төмөн болушубуз керек. Биз тектүү, түптүү эл экенибизди унутпайлы. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биригип, өз жолубузду табалы!
Абдыкерим Чолпонкулов,
Эл аралык электрондук университеттин президенти,
БАТА коомунун мүчөсү
| Кийинки > |
|---|