Үркундун 95-жылдыгына карата «Каркыра» долбоору
I. Үркүн жөнүндө
« Эң эле көп адам өлтүрүлдү. Тоо-тоодон кекилик тергендей кылып кырдык бейм. Кайра келатканда жолдо жаткан өлүктүн көптүгүнөн аттарыбызды бастыра албай койдук. Көптөгөн мал-мүлк, асыл буюмдар колго түштү. Жапайыларды бийик тоолордун арасына сүрүп таштадык.
Волков кылган иштерин мактана, эрдемсий айта баштады:
- Биз тийешелүү тапшырма алгандан кийин эле качкындардын артынан түштүк. Болгон жыйган-тергенин тыштай качышыптыр. Жолдо үйүр-үйүр жылкылар, кара малдан баш адашат, букалары мындан көп. Эми койго сан жетпейт. Куйруктары чарадай болгон ириктерди көрсөңүз көз тоет. Тигилип турган аппак боз үйлөр, тигилген боюнча калыптыр. Урматтуу полковник мырза, биздин аскердик айла-амал менен ойлонулган операциянын эң негизги маани-маңызы мына мында. Кыргыздарды бийик тоо-ташка, аска-зоого сүрүп таштадык. Ал жакка жакында калың кар түшөт, адам чыдагыс катуу суук болот, элди ачкачылык, оору басат. Бир дагы ок коротпой, боо-боо түшүп өлүп жаткан кыргыздарды ошондо көрөсүз. Кийгенге кийими, ичээрге тамагы, үстүндө үйү жок кыргыздар ошондо кырылат.
- Азаматсың, начальник мырза. Душманга эч кандай аёо болбосун. Сиз Марков мырза эмне деп айтканын уктуңуз беле? «Казак, кыргыз – Чынгыз хан менен Аксак Темирдин эли, буларды Америкадагы кызыл өңдүүлөргө кылгандай азап кылса да убал жок» - деген. Бул жапайыларды кырып, жоюп, тукум курут кылыш керек. Экинчи колду көрбөгөндөй кылыш керек!...
Жогору жактагы зор бийликке таянган, аскер кийимин кийинген бул эки адам кабинетте отуруп алып, нечен кылымдардан бери жашап келе жаткан уюткулуу улуу журттун келечек тагдырына кайдигер карап, алардын убал-сообунан коркпой, адамдын оюна келбеген, тобо чачты тик тургузган, жүрөк титиреткен бутумду сыртынан эле чыгарып жатышты. Эртеңки күн кандай болот, кимдин маңдайына кандай тагдыр жазылды, өздөрү кандай күнгө туш келет, ал жөнүндө кенедей да ойлоп койбой, утурумдук ийгилик үчүн кубанычтары коюндарына батпай, өмүр бою ушинтип жыргап, куунап, бул дүйнөдөн өтпөс, өлбөс болуп жаралышкансып, өзгөчө дуулдап жатышты. Адамкерчилиги жок, таш боор, канкор адамдардын колуна кокустан бийлик, мансап тийип калса, кылаары ушул экен да!.. Жүзү курусун!..» .
(Бактыбек Максутов. «Кызыл кыргын, кандуу кармаш», стр.176-180 ).
Мына, орус падышачылык өкмөттүн өз карамагындагы элдерге жасаган мамилеси, «камкордугу». Империя өз элин аткылап, кырып жоюп, качкындарга айлантып гана тим болбостон, мындай мыкаачылыкты, ырайымсыз геноцидди алдын ала пландаштырган, алардын эзелтен бери ээлеп, киндик кесип, кир жууган жеринен кууган. Геноцид демекчи, бул термин “Советтик энциклопедиялык сөздүктө”(1987) мындайча чечмеленет: «Адамзатка каршы жасалган эң оор кылмыш, бир элди улуттук, рассалык же диндик өзгөчөлүгүнө карата куугунтуктап, кырып-жоюу, же элдин эркин өсүшүнө жолтоо болуп, биологиялык процессти токтотуш үчүн жасалган аракеттер. Мындай кылмыштар экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Гитлердин армиясы тарабынан славян элдерине жана еврейлерге каршы массалык түрдө жасалган». Дал ушул сыяктуу кызыл кыргынга падышалык Россия Орто Азия менен Казакстандын түрк тилдүү элдерин да учуратканы айдан ачык нерсе. Адамзат баласы жаралганы ушундайлардын кесепетинен нечен кан күйгөн согушту, кан төгүлгөн кызыл кыргынды баштарынан өткөрүшүп, сан жеткис бейкүнөө адамдар кырылып, эне суту оозунан кете элек наристелер жетим, солкулдаган жаш келиндер кара кийип, кан жутуп, жесир калып, нечендеген көз жоосун алган кооз шаарлар жер менен жексен болуп, ый, мун, кайгы, оору, дарт, ачкачылык, кыргын жер үстүндө жашаган көптөгөн калктар менен элдин башынан өтпөдүбү. Азыркы кезде ар бир эл өз тарыхын жаңы көз менен карап, жаңы табылгалар менен толуктоодо. Өткөнгө кылчайып карап, тарыхый тагдырыбызды тастыктап алыш биз үчүн кандай гана зарыл болсо да, эртеңки келечегибиз жөнүндөгү санаа эч качан эсибизден чыкпаганы дурус. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов агабыз айткандай, азыркы калайык-калкыбыз үчүн, бүгүнкү тарыхыбыз үчүн 1916 жылга караганда 1996 жыл алдаганча маанилүү, андан да 2016 жылды эскере келгенде ал каргашалуу жылдын катаал сабактарын коңүлүбүзгө түйө жүргөнүбүз абзел. Калайык-калкыбыздын башына түшкөн он алтынчы жылкы каран түн качан да болсо кыргыз жүрөгүнүн учунда кыттай турушу парз деп эсептейбиз.
II. Долбоордун максаты
1916-жылдагы кыргыз элинин тарыхында кара тамга менен жазылган, миңдеген, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган эркиндик, теңдик, акыйкаттык үчүн болгон кандуу көтөрүлүш, кызыл кыргын, чоң жоготуулар, адам чыдагыс тирүүнүн азап-тозогун өзүнө камтыган Үркүнгө быйыл 95 жыл толот. “Кыргыз Эл” коомдук бирикмесинин жаштары да «Өлгөндөр баркталмайын - тирүүлөр даңкталбайт», «Арбак ыраазы болмоюн тирүүлөрдүн иши алдыга жүрбөйт» - деген байыртадан калган ата-бабаларыбыздын элибизде айтылып жургөн накыл кебин бийик тутуп 2011-жылдын август айларында, кандуу кагылыштын курмандыктары болгон ата тегибиздин арбактарына атап куран түшүрүп ашын өткөрсөкпү деген алдыга койгон аруу тилеги бар. 1916-жылкы Үркунду ар тараптан изилдөө, анын тарыхый сабактарын дааналап түшүнүү, өздөштүрүү кандай жагынан алып караганда да зарыл милдет, ошону менен бирге эң бир жооптуу иш.
Ушунун негизинде 2010 жылдын 27 ноябрында «Кыргыз Эл» кооммдук бирикмесинин жана Жумагүл эженин колдоосунда, коомдун мүчөлөрү Асангулова Айдай, Кадыракунова Айнуралар Каркырага барып Үркүндө шейит кеткен ата-тектерибиздин арбагына жыт чыгарып, куран окутуп келишти. Жергиликтүү элден Токтоян айылынын тургундары Жумакадыров Муратбек жана Исмаилов Самат, агаларыбыз бизге жол көрсөтүп, колунан келген жардамдарын беришип биз менен чогуу барышты.







- Мен ушул күнгө чейин чоң атам Кадыракундун айтып кеткен наcаат-керээзин аткара албай келем дейт коомдун мүчөсү Айнура. - Биз атам экөөбүз жаздын аягы болуп жай башталып калган кезде атка учкашып алып Каркыра тараптагы үйүлгөн таштын жанынан бир аз нарыраак жерге токтоп, куран окуп бата кылаар элек. Ата кимдерге куран окуп жатабыз десем айтчу: мен анда кичинекей бала болсом да бардыгын эстеп калгам. Бул жерде,1916 жылдагы көтөрүлүштө, орус аскерлеринин огунан шейит кеткен аталарыңдын, балдарын кучактап өлгөн энекелериңдин, агаларыңдын, эжелериңдин сөөктөрү жатат. Биз буларды арбагын агартып ыраазы болуп турушсун деп ар убак эстеп куран окута жүрүшүбүз керек, «Арбак ыраазы болмоюн тирүүлөрдүн иши эч качан алдыга жүрбөйт» деген байыртадан калган ата-бабаларыбыздын сөзүн эске түйө жүрүшүбүз керек деди. Көрсө, Каркыра тарап менен айласыздан эл үркүп Кытайды көздөй качып бара жатышканда, жолдон орустун аскерлери тороп, бардыгын кырып ошол жерге өлгөнүн да жарадар болгонун да эптеп септеп көөмп кетишкен экен. Жыл сайын чоң атам экөөбүз ал жерге барып, ачылып калган сөөктөрдү жерге жашырып куран түшүрүп, анан үйгө кайтчубуз. Атам келгенден кийин кадимкидей оор жүктөн арылгансып кубанып калаар эле. Мен акыркы жолу ал жерде 3-класста окуп жүргөндө бардым. Көрсө чоң атам экөөбүздүн акыркы жолу баргандагыбыз экен. Андан кийин ал жакка бара албай калдым, атам бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ошол барганыбызда чоң атам айтты – кызым сен бой жеткенче заман дагы өзгөрүүлөр сен коркпой үркпой эле бул жерге келип, сөөк жаткан жерлерди тебелетпей коруп, же болбосо бак тигип, кийинки урпактар да эстеп куран окуп бата тилеп жүрсүн деп эстелик тургуза алаар бекенсиң деди.
Биздин максатыбыз ошол сөөктөр көмулгөн жерди изилдөө жана ошол жерге бак отургузуп, кийинки муундар дагы эстеп куран окута жүрсүн деген ойдо эстелик тургузуп, ата-тектерибиздин сөөгун агартып батасын алуу. Неси болсо да Уркүндүн жазыксыз курмандары жаткан жайларында тынч уктасын... Ар дайым алардын арбактарын эскерип, эшик төрүбүздөн жыт чыгарып, шам жагалы. Үркүн тууралуу демилге көтөргөнүбүздүн максаты мына ушунда.
Мына бул жер – мундуулардын энеси,
Мына бул жер – өткөн кордук элеси!
Ачкалыктан элим өлүп бул жерде,
Калган эле көмүлбөстөн денеси.
Мына бул жер – азап каарын салган жер,
Ушул кыргыз – жан соогалап качкан эл.
Ушул жерде бет алышып жоо менен,
Кан жошулуп, кара кочкул аккан сел!
Дагы өлгөн, далай жандар мүргүгөн,
Сөөктөрүн карга, күзгүн мүлжүгөн.
Ойлоп көрсөм, азыр болуп жаткандай,
Кан бузулуп, кайгыланып сүрдүгөм.
Мына бул жер - эл дүрдүгүп качкан жер,
Ушул адыр - так ошону каткан жер.
Бул кычыктан, жоону төрөп тосом деп,
Окко учуп, көмүлбөстөн калган эл.
III. Долбоордун багыты
Долбоордун багыты үч бөлүктөн турат:
1. Изилдоо, тактоо иштерин жүргүзүү
2.Уюштуруу иштери
3.Август, сентябрь айларында куран окутуп эстелик орнотуу (сөөктөрдү коруу)
IV. Долбоордун программасы
I этап, май-июнь
Ак-Суу, Түп райондоруна барып жергиликтүү калктан маалымат чогултуу (фото,видео материалдар). Чогултулган материалдарды иштеп чыгуу. Үркүн менен байланыштуу адамдар менен официалдуу түрдө жолугушуу. Кат менен кайрылуу, сүрөт менен бекитүү.
II этап, июнь-июль
Сөөктөр жашырылган жерди табуу. Жергиликтүү бийликтегилер менен жолугуп сүйлошүү жана алардан уруксаат алуу.
III этап, август-сентябрь
Маалымат баракчасын даярдоо. Эстелик орнотуу. Жылкы союп куран окутуу.
V. Долбоордун чыгымдары
I этап. Маалымат чогултуу
Транспортттук чыгым
Тамак-аш
II этап. Маалымат баракчасы
III этап, Эселик орнотуу,куран окутуу (дасторкон)