
2010-жылдын 4-14-августунда Швейцариянын Локарно шаарында Эл аралык кинофестиваль өткөрүлөт жана анда кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Свет-аке» фильми да көрсөтүлөт.
Кино тасма фестивалдын расмий программасына киргизилип, ал 10 миң адам бата турган ачык асман алдындагы Пьяцца Гранде аянтында тартууланат.
Ошондой эле, Актан Арым Кубаттын «Бешкемпир», Марат Сарулунун «Жибек Жолу Адеми», Эрнест Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» тасмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары жаш режиссерлор Нурлан Асанбеков, Эркин Салиев жана Элнура Осмоналиевалар өздөрүнүн кинодолбоорлору менен Борбордук Азиянын башка режиссерлорунун катарында каржылай колдоо үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Баракелде сайты кабарлады.
http://www.kg.zpress.kg/news/news_only/19/7902.py