1980-жылдын июнь-июль айларында Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уездинде орун алган Достук коомчулугундагы Уцзяцзы («беш короо») кыргыздар тобунда сапар менен болуп, кыска мөөнөттүк лингвистикалык изилдөө жүргүздүм. Ага коштоп бир аз коомдук тарых багытында изилдөөлөр менен алек болдум.
Изилдөө учурунда Цицзяцзы («жети короо») оттугунда болууга да үлгүрдүм, мындан тышкары, Фуюй уезддик архивинен изилдөөмө байланыштуу жазмалар менен таанышууга жетиштим. Фуюй уездиндеги кыргыздар тууралуу коомдук-тарыхый изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уезди провинциянын баш калаасы Харбиндин түндүк-батыш тарабында 300 км аралыкта, Неньцзян дарыясынын ортоңку бөлүгүнүн сол жээгинде жайланышкан. Чыгыш тараптан – И-ань уезди менен, түштүктөн – Линьдянь уезди жана Цицикар шаары менен чектелет; батыш тараптан – Цицикар шаарынын чет жакаларынан жана Ганьнань уездинен дарыя аркылуу бөлүнүп турат; түндүктөн – Нэхэ уезди менен чектешет. (124° – 125°2' чыгышка, 47°1' – 48°16' түндүккө). Түндүктөн түштүктү карай 74,4 км, чыгыштан батышты карай 74 км созулат, жалпы аянты – 4026 км2. Анын ичинен 1110000 му (1 му =) – эгүү аянты, 1540000 му – оттук аянтын түзөт да, жарым айыл чарбалык, жарым мал чарбалык уезд болуп эсептелет. Калкынын саны – 270000 адам, алардын ичине кытай, манчжур, монгол, дунган, корей, даур, кыргыз, эвенки, сибо, мяо, чжуан жана башка 11 улут кирет, аз сандагы улуттук топтор 22 миң адамды түзөт (1979-жыл).
Уезддеги кыргыздар 116 түтүн, бардыгы – 614 адам.
Таха коомчулугу 18 түтүн 92 адам
Лунаньчжень коомчулугу 5 түтүн 18 адам
Фухай коомчулугу 3 түтүн 11 адам
Фуюйчжень коомчулугу 5 түтүн 16 адам
Достук коомчулугу 42 түтүн 292 адам
Провинцияга караштуу
Фуюй оттугу 43 түтүн 185 адам
Фуюй провинциясынын Достук коомчулугундагы Уцзяцзы («беш короо») кыргыз тобу – уезд боюнча кыргыздар эң көп отурукташкан жер. Ал Фуюйсянь шаарчасынын түштүк-батыш тарабында 12-13 км аралыкта орун алган. Бул жерди чыгыштан Цицикар–Неньцзян темир жолу бөлүп өтөт.калкынын саны – 653 адам, анын ичинен 327 кытай, 219 кыргыз, 84 монгол, 21 даур, 2 манчжур. Провинцияга караштуу Фуюй оттугунда кыргыздар негизинен тогуздук топто жашайт. Дагы бир кыргыздар турган жер Цицзяцзы («жети короо») Фуюйсянь шаарчасынын түндүк-чыгыш тарабында 15-16 км аралыкта жайланышкан. Бул жердин түндүгүнөн Цицикар–Бэй`ань темир жолу өтөт. Бул жерге акыркы 50-60 жыл ичинде Уцзяцзыдан жана башка жерлерден көчүп келишкен.
Фуюй уездинин кыргыздары өзүлөрүн «хэргэз»(xэrgэs) же «кэргэз»(Gэrgэs) деп аташат. Жергиликтүү моңголдор «цзирцзис»(girgis) деп аташат. Мурда жергиликтүү кыргыздар менен моңголдорду «элут»(u:rut) деп атап келишкен. Манчжурлар тушунда, жапондор изилдөө жүргүзүп, бул жерлик кыргыздарды каталык кетирип «солун» улутуна киргизишкен1. Кытай боштондук алган алгачкы мезгилде кыргыздарды «цзирцзис» деп атап2, кийинки мезгилде гана «кыркыз» деп атап калышты.
Тарыхый булактарга караганда, Фуюй кыргыздары Цин династиясынын Цзяньлун мезгилинин 20–22-жылдарында (1755–1757-жж.) Жунгар тарап басылган убакта бул жерге келип отурукташкан3. Бул маалымат Фуюй оттугундагы 81 жаштагы Удэси карыя мага айтып берген маалымат менен төп келишип турат. Ал карыя төмөндөгүдөй кеп салган:
“Мурда биз, кыргыздар, Алтай-Канай тоо кыркаларында Давачиге баш ийчүбүз. Давачи манчжурдан аял алган. Аялы кол алдыңда канча аскер бар деп сурайт. Давачи күчүн көрсөтүүгө үч сапар “бөрү түтүн” жандырган (“бөрү түтүн” – бирөөлөр кол салган учурда, аскер башы бөрүнүн кыгын өрттөп, согуш коркунучу жөнүндө аскерлерге белги берген. Түтүндү көрүп, аскерлер жардамга келишкен). Аскерлер “бөрү түтүнүн” көрүп, Давачи кыйындыкта калды деп түшүнүшөт да, куткарууга топ-топ болуп жыйналып келишет. Аскерлер келип, Давачи аялы менен шаан-шөкөт куруп жайбаракат жатканын көрүп, жиндери кайнап кайра артка тартышат.
Давачинин жээни Амурсана Давачини туткунга алуу максатында, цин-манчжурлар менен тымызын келишим түзүп, Давачини ар кандай калптар менен Жаган-Уланын (Ак-Тоо) алдына ат-чабышка чакырып, цин аскерлеринин колуна салып берүүнү ойлойт. Давачи атына ээр токубай, керектүү жабдууларын албай ат чабышка келет да, жеңип чыгат. Амурсана Давачини күрөшүп күч сынашка чакырат. Күрөштөн да үч сапар Давачиге жеңилет. Ушул учурда Амурсана катуу кыйкырат. Жашынып жаткан цин аскерлери чыга келип Давачини колго түшүрүшөт.
Давачинин аялы бир нече күн күйөөсүн күтүп, Давачи кырсыкка кабылганын сезип, “бөрү түтүн” жандырууга буйрук берет. Бирок, Давачинин аскерлери келишпейт. “Бөрү түтүнүн” он үч сапар жандырганда араң аскерлер чогулуп келишет. Давачи цин аскерлеринин колуна түшкөнүн угушуп, Алтай-Канай кыркаларынан Давачини куткарууга кууп жөнөшөт. Бул жүрүштү эки аскербашы жетектейт. Биринин аты – Ябурген-Маялкан, экинчисинин аты – Батур-Маялкан. Алар Орхон дарыясына жетишет, бирок кууп жете алышпайт. Дарыяны кечип өтүп сапар улантууну ойлошот. Дарыянын жээгинде алтындан жасалган жалгыз көздүү Будданын сөлөкөтү бар эле. Будда динине ишенбеген кыргыздар кылычтары менен Будданын колу-бутун кесе чаап, көзүн оюп салышат. Бирок алтын Будда кыйкырганда, дарыядан өтүп жатышкан аскерлердин көпчүлүгү чөгүп кетишет.
Цин аскерлеринин артынан куугунга түшүшкөн кыргыздар Бейжиң шаарына чейин келишет. Бирок Цин императору аларды шаарга киргизбей, шаар четине калтырат. Кыргыздар Цин аскерлери менен таба атышып мелдешке чыгышат да, өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүшөт. Цин императору кыргыздар бийлигине коркунуч туудурат деп чоочуп, кыргыздын эки аскербашчысын өлтүрүп, калган кыргыздарды Хэйлунцзяндагы Айхуэй, Букуэй, Хайлар, Хулань, Баянсу жерлерине сүргүнгө айдайт. Бул – кытайдын түндүк-чыгышындагы Фуюй уездинде кыргыздардын жашап калышынын тарыхы” – деп бүтүрдү сөзүн карыя.
Жогорудагы баяндан Хэйлунцзяндагы кыргыздар Цин доорунун Цзяньлун мезгилинин 20 – 22-жылдарында Жунгар тарапты басып алуу учурда, бул жерге сүрүлүп келгендигин, алар Алтай, Канай кыркыларынан Орхон дарыясын өтүп Бэйжиңге жакындап келип, андан ары Хэйлунцзянга көчүрүлгөндүгүн, ошол мезгилде кыргыздар лама динин кабыл ала электигин, бирок барабара кабыл ала баштаганын көрө алабыз.
Фуюй кыргыздарынын айтуусу боюнча, алар жаңы көчүп келгенде алты гана уруу болгон. Алар – дабын, ычык, сандыр, былтыр, гыргыс, габхан. Бул жөнүндө кыргыздын элдик ырында айтылат:
Бийик тоодон ылдый жылкы чапчымын,
Дабын уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
Өрөөн бойлоп жылкы чапчымын,
Гапхан уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
Кыштак бойлоп жылкы чапчымын,
Ычык уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
Сай-сайды бойлоп жылкы чапчымын,
Сандыр уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
Талаа бойлоп жылкы чапчымын,
Былтыр уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
Кыр–кырды бойлоп жылкы чапчымын,
Гыргыс уруусунун урматына жеткенмин.
Эми кайда барып табам сени,
Кадырым менин, кыл торко кызыл күлүгүм.
“Дабын” моңгол тилинде “у”(“беш”), ошондуктан “у” уруусу делип калынган, “гапхан” сөзүнүн акыркы мууну боюнча “хан уруусу”, “ычык” – “чан уруусу”, “сандыр” сөзүнүн биринчи мууну өзгөрүп “цай” уруусу, “былтыр” – “лан” уруусу, “гыргыс” сөзүнүн акыркы тыбышы алынып “сы” уруусу болуп калат. Азыркы убакытта Фуюй кыргыздарын арасында У, Хан, Чан, фамилиясы көп жолугуп, Цай, Лан, Сы фамилиясы сейрек жолугат. Лю фамилиясы кийинки учурда гана кирди. Кыргыздардын фамилиясы Хэйлунцзянга көчүп келгенден бери каттоо иштеринде колдонулат, бирок алардын өз улуттук аттары да бар.
Кыргыздардын бул бөлүгү Хэйлунцзянда отурукташкандан кийин, таза ак, таза кызыл, таза көк, сары делип төрт административдик топко киришкен. Бирок алар Циндердин саясий турмушунда эч кандай орун ээлешкен эмес. Цин аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө мажбур болушкан, башка улуттар менен нике кыйышууга тыюу салынган, мунун баары кыргыздардын өсүп–өнүгүшүнө таасир тийгизип, так калтырган.
Цин династиясы кулагандан кийин, Фуюй кыргыздарынын турмушу өзгөрүүсүз оор бойдон кала берди, өзгөчө марионеттик бийлик учурунда абдан катаал абалга туш болду. 1946-жылы Фуюй уезди марионеттик бийликтин колунан бошотулуп алынды. 1948-жылы айыл чарба реформасы жүргүлүзөт да, жергиликтүү кыргыздар ушул мезгилден тартып өз жеринин ээси боло баштайт.
Фуюй кыргыздары алгач көчүп келгенде негизинен аңчылык, мал чарба менен жан багышчу, кийинчерээк барабара дыйканчылыкка көнө башташат. Акыркы 50–60 жыл ичинде негизги тиричилиги айыл чарба болуп калды.
Боштондук алгандан бери Фуюй кыргыздары саясат, экономика, маданият чөйрөсүнө зор жетишкендиктерге ээ болду. Мисалы, Достук коомчулугунун “Уцзяцзы” (“Беш короо”) кыргыз тобунда (бригадасында) 1979-жылы 1836 му эгүү аянтынан 550000 цзинь түшүм алынган (1 цзинь = 0, 5 кг), 1978-жылы алынган 384000 цзинь түшүмдөн 166000 цзинге көбөйдү. Аянт бирдигинен алынган түшүм 1978-жылы 254 цзинди түзсө, 1979-жылы 116 цзинге көбөйүп 370 цзинди түздү. Мамлекетке эгин өткөзүү милдети 30 тонна болсо, 25 тоннага ашык аткарылып 55 тоннаны түздү. Мал чарбасын алсак, бул топто 1978-жылы 70 уй болсо, 1979-жылы 49 га көбөйүп 119 уйду түздү. Койдун саны 1978 жылга караганда 50 гө азайып 179 ду түздү.
1979-жылы коомчулукта киреше киши башына 115000 юанды түзүп, 1978-жылга караганда 35000 юанга көбөйгөн. 1979-жылы жумуш күн орто эсеп менен 1 юанга бааланып, 1978-жылкы жумуш күнүнүн баасынан 0,2 юанга өскөн. Бүт топ боюнча эгин керектөө көлөмү 480 цзинь (1 цзинь=0,5кг) түзүп, 1978-жылкы 460 цзинден 20 цзинге өскөн. Топтун ичинде 1 башталгыч мектеп, 104 окуучу, алардын ичинен 58 кыргыз; 1 бейтапкана, ал жерде 2 доктур иштейт. Ар бир үй-бүлөөдө электр чырагы бар, топ аралык радиостанция ишке киргизилген. Жаштар орто мектепте окушат же ар кыл тармакта иштешет.
Уездде “Уцзяцзы” кыргыз тобунун өндүрүш шарттарын өрчүтүү жана калктын жашоо деңгээлин жогортлатуу максатында, бул жердин жаратылыш жана адаттык өндүрүш шарттарына жараша, бул топтун негизги чарбасын мал чарбага айландыруу жөнүндө чечим кабыл алынган. 1980-жылы ар тараптуу чараларды колдонуп мал чарбасын өрчүтүү жаатында зор аракет жасалды.
II
Фуюй кыргыздары көп убакыттан бери моңголдор менен бирге жашайт. Ал тургай бири биринен кыз-келин алмай адат болуп калган. Бул кыргыздардын эне тилине зор таасир тийгизген. Менин бул жолку Уцзяцзы, Цицзяцзы топторундагы изилдөөмдө, Фуюй кыргыздары менен Синьцзян кыргыздарынын ортосунда бир топ айрымачылыктарды байкадым. Баарыдан мурда, мен Фуюй кыргыздарынын тили жөнүндө талкулоолорума өтөйүн.
Фуюй кыргыздарынын ичинен өз тилинде сүйлөй ала тургандар жалпысынан 40–50 жаштан өйдөкү карылар. Бирок, алардын көпчүлүгү тилди угуп түшүнөт да, өзүлөрү жайдан такалып сүйлөйт. Отуз жашка чейинки кыргыздардын ичинен көпчүлүгү тилди түшүнбөй, моңгол тилинде гана сүйлөшөт. Ал эми жаштар моңголчо да билишпей, жалаң кытай тилинде сүйлөшүшөт. Үй–бүлөө ичинде моңголчо же кытайча сүйлөшүшөт. Азыркы мезгилде кыргыз тили улгайган карылардын эсинде гана сакталып калган. Бул тил Синьцзяндык кыргыздардын тилинен бир топ айырмаланат. Синьцзян кыргыздарынын тилинде алты гана созулма үндүү бар: аа, ее, оо, uu, ¼¼, ³³ (Синьцзяндын түштүк тарабындагы кыргыздарда бир созулма үндүүгө көп – ее). Ал эми Фуюй кыргыздарынын тилинде сегиз созулма үндүү бар: аа, ее, оо, uu, ¼¼, ³³, ээ, ii.
Фуюй кыргыздарынан айырмаланып, Синьцзяндыктарда “з” үнсүз тыбыш жок. Синьцзяндыктардын сөз башында келчү “dз” тыбышы, Фуюй кыргыздарында “ n ” тыбышына өзгөрөт. Мисалы:
dзamGэr namэr жамгыр
dзan- nan- кайтып келүү
dзa:q na:x жаак
Синьцзяндыктардын сөз ортосундагы «j» тыбышы фуюйлүктөрдө «z» болуп өзгөрөт:
ajaq azax бут, аяк
Gojon Gozun коен
Байыркы түрк тилинин кээ бир белгилери сакталган. Синьцзяндыктардын сөз аягындагы «z» тыбышы фуюйлүктөрдө «s» тыбышына өзгөргөн:
Gэz Gэs кыз
biz bэs биз
o:z a:s ооз
Синьцзяндыктардын сөз башындагы «t» тыбышы фуюйлүктөрдө «d» тыбышка өзгөрөт:
til dэl тил
to: dax тоо
ti/ di/ тиш
toj doj той (үйлөнүү тою)
Грамматика жагынан да бир кыйла айырмачылыктар бар. Мисал катары зат атоочтун жөндөмө категориясын келтирсек болот. Синьцзян кыргыздарынын тилинде барыш жөндөмөсү –Ga/-ge, -qo/-k¼, -Go/-g¼, -qa/-ke мүчөлөрүнүн жардамы менен түзүлөт, ал эми фуюй кыргыздарынын тилинде барыш жөндөмөсүнүн эки түрү бар: -xa/-xe мүчөсү уланган барыш жөндөмөсү жана –sar мүчөсү уланган багыт жөндөмөсү. Мындан башка грамматикалык айырмачылыктар арбын. Бул жерде аларга токтолуп отурбайлы. Лексикалык айырмачылыктарын гана салыштырып өтөлү:
Синьцзян кыргыз тили Фуюй кыргыз тили Которулушу
Asman dener асман
Dzer dzir жер
Gyn gyn күн
Aj aj ай
Su: sux суу
Ot ot от
Too dax тоо
Tas das таш
Dareja myryn дарыя
Deniz dalaj деңиз
Bulaq bulux булак
Dzaz dzas жаз(мезгили)
Dzaj dzaj жай(мезгили)
Gyz gys күз
Qes qes кыш
Tseges asar чыгыш
Bates usar батыш
Tystyk ilger түштүк
Tyndyk geder түндүк
On on оң
Sol sol сол
Ald ald алды жак
Art art арт жак
Yst yst өйдө
Tomon diben төмөн
Dzolbors bar жолборс
Arslan areslen арстан
Bory lansux бөрү, карышкыр
It it ит
Bugu bug бугу
Tylky dylgy түлкү
At at ат
Qojon qozun коен
Qoj qoj кой
Ajran qemes айран
Arax arex арак
Syt syt сүт
Bas bas баш
Tsats sas чач
Goz qarax көз
Burun burun мурун
Qulaq qulax кулак
O:z a:s ооз
Til del тил
Qol qol кол
Ajaq azaq таман
But but бут
Qan qan кан
Ter dir тер
Bala bala бала
U:l o:l уул
Qez qes кыз
Dzigit dzi:t жигит
Ata aba ата
Ene idze эне
Er ir эр, күйөө
Ajal qurzax gedzi аял
Edze bidze эже
Sinil, qarendas qesdomo сиңди, карындаш Aga ake ага, байке
Bijik buzex бийик
Dzapez dzabez жапыз
Era:q erex ыраак , алыс
Dzaqen da: жакын
O:r a:r оор
Dzenil nizik жеңил
Qatu qadex катуу
Dzunsaq dzendzex жумшак
Daqse dzaxse жакшы
Dzaman jabel жаман
Gop arben көп
Aq ax ак
Qara qar кара
Qezel qezel кызыл
Sare sarex сары
Gok gox көк
Dzasel nogon жашыл
Men min мен
Sen sin сен
Al ol ал
Biz bes биз
Siler sirex силер
Alar olor алар
Oz bos өз
Bu bu бул
Emne njem эмне
Netse nindze канча
Gim gem ким
Qatsan qadzan качан
Qandaj qadax кандай
Bir ber бир
Eki igi эки
Yts us үч
Tort durt төрт
Bes bis беш
Alte alte алты
Dzeti dziti жети
Segiz sijgiz сегиз
Toguz doguz тогуз
On on он
Dzejerma dzibir жыйырма
Otuz otus отуз
Qerq durden кырк
Ely: bizen элүү
Altemes altan алтымыш
Dzetmis dzeten жетимиш
Seksen sijgizen сексен
Toqson doguzen токсон
Dzyz dzys жүз
Min mun миң
Tuman duman он миң
Bar- bar- бар-
Gel- gel- кел-
Tseq- sex- чык-
Gir- ger- кир-
Tur- tur- тур-
Otur- otur- отур-
Al- al- ал-
Ber- ber- бер-
Gor- gyr- көр-
Bas- bas- бас-
Ol- ol- өл-
Жогорудагы 123 негизги сөздүн салыштырмасынан төмөнкү корутундуга келебиз: Фуюй кыргыздарынын тили менен Синьцзян кыргыздарынын тилиндеги айырмачылыктарын байкасак да, бир топ сөздөрдүн окшоштугун, негиздери бирдей экенин көрөалабыз. Бул Кытайдын түштүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уездиндеги кыргыздар менен синьцзяндык кыргыздардын ортосундагы тарыхый байланышты далилдөөгө жардам берет.
Мурда Фуюй кыргыздарынын көпчүлүгү Кытай жазмасын тааныбай, моңгол тилин колдонушчу, азыр болсо, бүтүн журт кытай жазмасыны колдонот.
Фуюй кыргыздары ислам динин тутушпайт, карылардын айтуусу боюнча, алар шаманчылыкка үйүр алышкан. Жогоруда келтирген карыянын баянынан Алтай, Канай кыркаларынан көчүп келишкен кыргыздар ал кезде лама динин тута электигин көрөбүз. 70-80 жыл мурун эле бакшыларды кезиктирүүгө болоор эле, аларды gam деп аташчу. Жаз майрамы учурунда, гөң жагып от коюшуп, кары жашы калбай оттон секирип өтүү салты бар эле, бул жамандыктардан сактайт деген ишеним эле. Адам ооруга кабылганда же маркумду акыркы жайга узатуу учурунда, бакшы чакырышчу, ал адам түшүнбөгөн ар кандай келмелерди окуур эле. Үй ичинде жылан кудайына жалынышчу. Булардын баары – шаман динине тийиштүү адат. Ал эми жанга (шайтанга) ишенүү лама дининин бир бөлүгү катары гана сакталып калган. Мындан сырткары, Чолпон жылдызына, дарак кудайына курмандык чабышат (жыл сайын 18-апрелде). 25-октябрда Алтын Казык жылдызына арнап курмандык чабышат. Бул учурда курмандыкка уй, кой же чочко союшат, журт чогулуп ат чабыш, жамбы атыш оюндарын өткөрүшөт. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн бери, мындай үрп-адат чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Азыркы жаштардын көпчүлүгүндө айтып кеткен үрп-адаттар жөнүндө түшүнүк жок.
Фуюй кыргыздарында мурда атасы жактагы туугандар жана энеси жактагы туугандардын ортосунда кыз-келин алмай салт болгон. Бул көрүнүштөр Синьцзян кыргыздарынын үрп-адаттары менен бир топ окшоштукка ээ. Кудалашуу учурунда калым маселеси козголот, бирок баары бири-бирине жакынкы же алыскы тууган болгондуктан, калымдын көлөмү чоң болбойт. Үйлөнүү учурунда кыз менен жигиттин ата-энеси биригип той өткөрүп конок чакырышат. Жигит жактан 4-5 киши ат минип кызды алып келүүгө кыздын үйүнө барышат. Кыз жактан да кудаларды алыстан эле тосуп алып келүүгө бир топ киши жиберилет. Жигит кыздын үйүнөн кыздын ата-энесине тизе бүгүп башын ийип жүгүнөт. Бул – кыздын колун сураганын билдирет. Кызды алып кайтышкандан кийин чоң той өткөрүлөт. Мурда кыргыздарда ажырашуу аз санда болгон, анткени карылар тараптан колдоо албай сынакка алынчу. Жесир аялдар кайрадан турмушка чыгууга мүмкүн эле, бирок күйөөсүнүн ага-инилерине гана турмушка чыгууга жол берилген. Эгер башка бирөөнө чыга турган болсо, жесир аялкыздарын гана алып кетүүгө укугу болуп, эркек балдарын калтырууга тийиш эле.
Адам өлгөндө жерге көмүү жана отко өрттөө колдонулган. Бул эки чаранын кайсынысы колдонулаарын бакшы чеччү. Адатта, балдары жоктор же боюнда барлар отко өрттөлөр эле, ал эми калган учурларда жерге көмүлгөн. Салт боюнча, өлгөн адамдын оозуна кандайдыр бир буюм салынчу – эгер эркек өлсө, оозуна күмүш же жез тыйындарды салышчу; аял өлсө, бермет же коралл салышчу. Жерге көмүү үчүн табыт колдонулган. Табыттын ичине маркумдун тамеки мүштүгү, бычагы, табагы кошо салынчы. Өлүктү 3 күндөн ашырбай көмүшчү. Көмөөр мезгилде бакшы же лама келип келме окуур эле. Беш күн өткөндөн кийин, дагы бир ирет лама чакыртып келме окутушчу.
Азыркы Фуюй кыргыздарынын кийген кийими, ичкен тамагы моңголдор менен кытайлардан эч айырмаланбайт. Карылардын айтуусу боюнча, мындан 50-60 жыл мурда кыргыздар тери кийим, тери дамбал, тери тумак кийишчү. Аш жагынан негизинен эт жеп, сүт ичишчү. Үйлөрү эки бөлмөлүү, эшиги түштүк тарапка караган, ички бөлмөдө жашап, сырткы бөлмөдө тамак ичишкен. Ички бөлмөдө түштүккө жана батышка ачылган терезе болуп, үч бурчуна “кан” (“кан” – кытай керебети). Карылар түштүк бурчтагы “канда”, жаштар түндүк бурчтагы “канда” укташкан. Сырткы бөлмө кичине келип, түндүк тарапта меш орнотулган, мештин жанында дагы бир “кан” салынган. Бул “кан” аркылуу жылуулук ички бөлмөгө берилет. Сырткы бөлмөнүн батыш тарабында кичине терезе салынган.
Азыркы кыргыздардын арасында элдик ырларды билгендери аз санда, жаштардын көпчүлүгү моңгол же кытай ырларын ырдашат. Музыкалык аспаптар негизинен “хуцинь” жана “дицзы” («хуцинь» - кытай чоору, «дицзы» - бамбуктан жасалган флейта). Мурда улуттук бийи да болгон, азыр ал унутулуп калган.
III
Хэйлунцзян провинциясындагы Фуюй кыргыздары менен Синьцзян кыргыздарын салыштырып карасак, тил жагынан болобу, үрп-адат жагынан болобу, өзүнө тиешелүү өзгөчүлүктөрү бар. Тилин же үрп-адаттарын, каада-салттарын алып көрсөк, хакастарга бир аз жакындашып кетет. Хакастар (кытайча «сяцзясы») чындыгында байыркы кыргыздардын тукуму, Россияда 71 миңден ашуун хакас бар, Алтай тоо кыркаларына жакын Красноярск дубанындагы Хакасия автономдук округда отурукташкан. Хакас тили «s» жана «sh» эки диалектик топко бөлүнөт да, байыркы кыргыздардын кээ бир өзгөчүлүктөрүн сактап калган. Биздин түшүнүгүбүздө Фуюй кыргыздары Тянь-Шань, Памир кыркаларында болуп көргөн эмес, түз гана Алтай, Канай тоолорунда жашаган кыргыздардын тукуму. Муну Кыргыз көлү ж.б.у.с. жер аттары далилдеп турат.
Кыргыздар – байыркы элдердин бири, Сыма Цяндын «Тарыхый жазмаларында» («Ши-цзи») «гэгунь» деп аталган, «Хань династиясынын жазмаларында» («Хань-шу») «цзяньгунь» деп, «Вэй жазмаларында» («Вэй-шу») «гэгу» деп, «Түндүк Чжоу жазмаларында» («Бэй-Чжоу-шу») «цигу» деп, «Суй жазмаларында» («Суй-шу») «гэгу» же «хэгу» деп айтып келишкен, ал эми Тан, Сун, Ляо династияларынын доорунда «сяцзясы» деп, Юань жана Мин доорунда «цирцзисы», «цилицзисы» деп аташкан. Бул аталыштардын баары «кыргыз» этнониминин ар башка тарыхый мезгилдерде ар кыл себептерге байланыштуу кытай тилинде өзгөрүлүп айтылышы. Цинь династиясынын тушунда кыргыздарды «бурут» деп, Тянь-Шандын түштүгүндө отурукташкан кыргыздарды «чыгыш бурут» деп аташкан. Кытай Эл Республикасы орногондон кийин, кыргыздар өзүлөрүн өз тилинде атагандай «кыргыз» делип калган. Азыркы учурда, китептерде жолугуучу «цзирцзис» аталышы СССР жана Афганистандагы кыргыздарга тиешелүү, бул аталыш чет тилден кытай тилине өзгөрүп айтылышы.
Баардык кыргыздардын саны – 2 миллиондон ашат. Алардын ичинен СССРде 1 906 миңден ашык6, негизинен Кыргызстанда отурукташкан. Кытайда 1979-жылдын эсеби боюнча 100 миңге жакын кыргыз бар, негизинен Синьцзян провинциясындагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдук округда, Уши, Вэнсу, Эчен, Пишань, Текес, Чжаосу, Эмин жана Ташкурган-Тажик автономдук уездинде орун алган. Афганистандын Бадахшан тоо кыркаларында 10 миңден ашуун кыргыз жашайт.
Кыргыздар биздин доорго чейин Енисей дарыясынын өйдөкү башында көчүп, жер которуп жашашкан. Суй, Тан мезгилинде Жуңгар ойдуңунда отурукташкан. Алар негизинен малчылык, аңчылык жана алгачкы дыйканчылык менен алек болушкан. Кийинчерээк, алар акырындан Тянь-Шанга көчө башташкан, кээ бирлери Памир, Кара, Кунлунга чейин жетишкен. Бирок, Алтай, Канай кыркаларында кыргыздардын бир бөлүгү калып калган. Хэйлунцзяндагы Фуюй кыргыздары ошол жерден көчүп келишкен. Азыркы мезгилге чейин алардын арасында сары чачтуу, көк көздүү кыргыздарды кезиктирүүгө болот. Бул белгилер тарых булактарындагы Енисей кыргыздары жөнүндөгү маалыматтар менен төп келет. СССРдеги Хакас автономдук округдагы кыргыздар Октябрь революциясынан кийин «хакастар» деп аталып калган. Кытайдын тарыхый булактарына, кыргыз улутунун эне тилине таянып, Фуюй кыргыздарын «кыргыз» деп атоо чечими кабыл алынган. Бул тарыхый чындыкка туура келет, өлкө ичиндеги улуттар арасындагы биримдикти чыңдатат жана партиянын улуттук саясатын чагылдырат.
Менин Фуюй уездиндеги изилдөөлөрүмө төмөнкү адамдар жардам көрсөтүп, зор салымын кошушту:
Изилдөө учурунда мен Хэйлунцзян провинциясындагы элдик комитетинин, Фуюй уезддик комитетинин статистика бөлүмүнүн кызматчыларынын жылуу мамилесине жана жардамына зор ыраазычылыгымды билдирем.
январь, 1981-жыл,
Борбодук улуттар
университети.
e='mG�:a-0��P� dziti жети

Борбордук улуттар университетинин улуттар адабиятын
Жана өнөр чеберчилигин изилдөө институту
Ху Чженьхуа
(Которгон Жыргал Султанбеков)
| < Мурунку | Кийинки > |
|---|