1916-жыл. Үркүнгө 95 жыл
2008-жылы 18-апрелде кабыл алынган №340-IV «1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө август айынын биринчи аптасынын жума күнү, 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнү белгиленсин» токтомунун негизинде: Быйыл 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 95 жылдыгына байланыштуу, «Кыргыз эл» коомдук бирикмеси 5-августа Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунда үркүн шейиттерин эскерүү күнүн өткөрөт. Эскерүү аземи Сан-таш айылында саат 10-00дө башталат, иш чаранын жүрүшүндө үркүн шеиттерине куран окутулуп, бата жайылат жана алардын элесине арналган таш эстеликти ачуу аземи өткөрүлөт. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө акындар жана манасчылар манас айтып, дастанчылар кошок айтат.
Бул иш чара ата-бабаларыбызга арналып келечегибиз үчүн өткөрүлөт, болгону таазим, сый урмат жана ынтымак. 1916-жыл, тарыхтагы бул трагедиялык окуя элибиздин жүрөгүн терең тилип, эсине кеткис кара так басты. Арбак астында милдетибизди аткарбасак ишибиз жүрбөйт алардын даңкы чыкмайын тирүүлөрдүн баркы болбойт. Тагдырыбызга түшкөн бул кандуу алаамат көз жаздымга кала турган окуя эмес, бул биздин орду толгус жоготуубуз болду. Ошондуктан аны эскерүү жана кийинки муундар үчүн жеткирүү жалпы массалык маалымат каражаттары үчүн олуттуу иш деп эсептейбиз, жана ММКдын бул жаатта иш алпаруусу тарых үчүн өтө маанилүү. Үркүн кыргыз баласынын жүрөгүн оорутпай койбойт, ошондуктан 1916- жылдагы окуя ар бирибизди бир саамга ойлондуруп, эсибизге чырак жагат.
Эскерүү күнү Каркырада өтө тургандыгы бир чети төлгө, жакшылык ооматка болгон тилегибиздин белгиси. Ошондой эле үркүн убагында дал ушул жерде да кыргыздын сөөгү чачылгандыгы туурасында тарых өзү күбөлөндүрүп турат. Бул көтөрүлгөн демилгени колдоо элден. Ошондуктан ар бириңиздер келип үнүңүздөрдү кошуп кеткиле. Бул жер Айкөл атабыз Манас көрүп билген жер, наркы улуу, жери куттуу ыйык Каркыра ушундай жакшылыктын жери. Жүрөгүндө тилеги бар ар бир атуулду чакырабыз, алаканыңда суу болсо да салымың арбак үчүн нарга тете, келип элге кошул, тилегибиз ниетибиз бир болсун, жалпы ата-бабаларыбыз үчүн милдетибиз аткарылсын!!!
Маалымат үчүн сурап билүү телефондору: 0773 595 748, 0700 007 281, 0771 879 700, 0555 326 264
| < Мурунку | Кийинки > |
|---|